Азербайжан - Армения макулдашуусу

Азербайжан менен Армениянын ортосунда Азербайжандын батыш провинциялары менен Нахчыван Автономиялуу Республикасын бириктирген темир жол линиясын калыбына келтирүү боюнча жалпы макулдашуу түзүлдү.

1994726
Азербайжан  - Армения  макулдашуусу

Азербайжан жана Армения темир жол байланышы боюнча жалпы макулдашууга барды. Азербайжан менен Армениянын ортосунда Азербайжандын батыш провинциялары менен Нахчыван Автономиялуу Республикасын бириктирген темир жол линиясын калыбына келтирүү боюнча жалпы макулдашуу түзүлдү.

Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук, Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев жана Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян Москвада жолугушуп, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы транспорт линияларынын кайра түзүлүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулашты.Оверчук  басма сөз кызматкерлерине берген билдирүүсүндө конструктивдүү  жыйын өткөргөндөрүн айтты.

Жыйында транспорттук байланыштардын ачылышында олуттуу жылыш болгонун белгилеген Оверчук : «Айрыкча Араздейен (Ерашх) Жулфа-Мехри-Хорадиз маршруту  боюнча темир жол байланышын кайра куруу боюнча конкреттүү кадамдардын ишке ашырылышы боюнча жалпы макулдашууга жетишилди»,- деди.

Оверчук мамлекет башчыларына жыйындын жыйынтыктарына байланыштуу отчет берилерин, вице  - премьер – министрлер деңгээлиндеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу да макулдашууга барышкандарын айтты.

Советтер Союзу учурунда болгон Араздейен (Ерашх)-Жулфа-Мехри-Хорадиз темир жол линиясы Армениянын Азербайжан жерлерин оккупациялоосунан улам талкаланган.

2-Карабах согушунан кийин Россия, Азербайжан жана Армениянын лидерлери кол койгон үч тараптуу декларацияда эски транспорт линияларынын кайра ачылышына байланыштуу берене орун алды.



Тектеш кабарлар