Toyota Motorдун кардарларынын маалыматтарынын ачыкка чыгышы
Toyota Motor компаниясы булуттун туура эмес орнотуулушунан улам Азия жана Океания аймактарында кардарлардын жеке маалыматтарынын ачыкка чыгышы мүмкүн экендигин билдирди.
1994689
Toyota Motor компаниясы булуттун туура эмес орнотуулушунан улам Азия жана Океания аймактарында кардарлардын жеке маалыматтарынын ачыкка чыгышы мүмкүн экендигин билдирди.
Япон автомобиль өндүрүүчүсү Toyotaнын билдирүүсүнө караганда булуттагы эсептөөлөрдүн туура эмес орнотууларынан улам келип чыккан маселенин негизинде азырынча саны белгисиз кардарлардын аты, телефон, адрес жана жеке маалыматтары ачыкка чыккандыгынан шектенилүүдө.
Билдирүүдө ачыккан чыккан кардар маалыматтарынын үчүнчү тараптын колдонгондугуна байланыштуу далилдердин жок экендиги белгиленди.
Япон компания май айынын башында да ушуга окшогон маселеден улам 2 миллиондон ашуун Toyota кардарларынын унаасы тууралуу маалымат коомчулукка билдирилгендиги белгиленген.