Испаниянын католик чиркөөсүндөгү балдарга сексуалдык зомбулук фактылары

CEE Испаниядагы католик чиркөөсүндөгү балдарга карата сексуалдык зомбулук фактыларын иликтеген отчетту басма сөзгө көрсөттү.

1994473
Испаниянын католик чиркөөсүндөгү балдарга сексуалдык зомбулук фактылары

Испаниядагы католик чиркөөсүнүн эң жогорку мекемеси болгон Испания Эпископтук Конференциясы (CEE) 1940-жылдардан бери балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары боюнча 927 арыз түшкөнүн жарыялады.

CEE Испаниядагы католик чиркөөсүндөгү балдарга карата сексуалдык зомбулук фактыларын иликтеген отчетту басма сөзгө көрсөттү.

Испаниядагы католик чиркөөсүнүн ичинде 1940-жылдан бери сексуалдык зомбулукка кабылган 927 бала тууралуу арыз түшкөнүн жарыялаган CEE, алардын 82,62 пайызынын эркек балдар, 17,38 пайызынын кыздар экенин билдирди.

Сексуалдык зомбулук фактыларынын 75 пайызынын 1990-жылга чейинкиге таандык экени жана бул окуянын көбүнүн 1960-1980-жылдардын аралыгында аныкталганы айтылды.

Көпчүлүгү мектеп чөйрөсүндө болгон сексуалдык зомбулук боюнча айыпталган 728 дин кызматкеринин 52 пайызынын дин аалым экени жана кылмышкерлердин 63 пайызынын көп убакыт мурун каза болгону ортого салынды.

Чиркөөдөгү сексуалдык зомбулук фактылары боюнча документти биринчилерден болуп жарыялаган CEE, "өткөндөгү азаптуу окуялардан сабак алынганын жана кечирим сураганын" белгиледи.

Кээ бир бейөкмөт уюмдар, Испанияда 2021-жылдын аягынан бери күн тартибинде болгон католик чиркөөсүндөгү сексуалдык зордук-зомбулуктун диктатура мезгилин (1936-1974) эске алганда чындыгында 100 миңге жетиши мүмкүн экенин бирок жетиштүү изилдөөлөр жүргүзүлбөгөнүн, жабыр тарткан жарандарга ишеним жана кепилдик берилбей жатканын айтууда.



Тектеш кабарлар