Вучич: "Биз бардык келишимдерди сыйладык"

Вучич CNN телеканалына берген маегинде, Косовонун түндүгүндө акыркы күндөрдө болгон чыңалууга байланыштуу билдирүү жасады.

1993947
Вучич: "Биз бардык келишимдерди сыйладык"

Сербиянын президенти Александр Вучич НАТОнун Косоводогу аскерлери менен ушул кезге чейин абдан жакшы карым-катнашта болгондорун жана мындан кийин да карым-катнаштардын ушул багытта улана турганына ишенгенин айтты.

Вучич CNN телеканалына берген маегинде, Косовонун түндүгүндө акыркы күндөрдө болгон чыңалууга байланыштуу билдирүү жасады.

Косоволук сербдерди кырдаалды тынчтандырууга жана тынчтыкка чакырган Вучич: «Серб тарап 2013-жылы кол коюлган Брюссель келишиминин бардык талаптарын аткарды. Косово болсо жалгыз жоопкерчили болгон "Серб муниципалитеттеринин биримдигин түзүү" беренесин аткарган жок»,-деди.

Косовонун түндүгүндө сербдер жыш отурукташкан муниципалитеттерде 23-апрелде өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоого катышуунун 3 пайыз болгонуна көңүл бурган Вучич, шайлоонун ушул себептен «жараксыз» болгонун билдирди.

Косовонун түндүгүндөгү чыңалууга байланыштуу АКШ менен Франциянын билдирүүлөрүнө ыраазы экенин белгилеген Вучич: «Биз бардык келишимдерди урматтадык. Бир дагы жоокерибиз Косового кирген жок. Ушул убакка чейин НАТОнун Косоводогу аскерлери менен абдан жакшы жана профессионалдуу мамиледе болчубуз. Мындан ары да мамилебиз ушул алкакта уланат деп ишенем»,- деп айтты.

Косовонун түндүгүндө сербдер жыш жашаган Звечан, Зубин Поток жана Лепосавич муниципалитеттеринде 23-апрелдеги жергиликтүү шайлоодо жеңген албан мэрлеринин кызматын башташына каршы 26-майда косоволук сербдер нааразылык акциясына чыгышкан.

Албан мэрлерин коргоо үчүн аймакка жөнөтүлгөн Косово полициясы менен косоволук сербдердин ортосунда кагылышуу болуп, 29-майда да муниципалдык имараттарды кайтарган KFOR аскерлери менен косоволук сербдердин кыгылышынан 30 KFOR жоокери жаракат алган.



Тектеш кабарлар