БУУ: "Украинада 1000ден ашуун саламаттыкты сактоо мекемесине кол салуу болду"

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында темага байланыштуу билдирүү жасады.

1993839
БУУ: "Украинада 1000ден ашуун саламаттыкты сактоо мекемесине кол салуу болду"

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Украинада согуш башталган 2022-жылдын февраль айынан бери 1000ден ашуун саламаттыкты сактоо мекемесине кол салуу болгонун кабарлады.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында темага байланыштуу билдирүү жасап, ал жердеги БУУнун кызматкерлеринин дээрлик күн сайын саламаттыкты сактоо мекемелеринин бутага алынганын билдиргенин айтты.

Кечээ эле Донецк аймагында 3 саламаттыкты сактоо мекемесинин жабыркаганын белгилеген Дюжаррик: «Саламаттыкты сактоо мекемелерине кол салуулар фронттун эки тарабында тең болду. Кайсы жерде болбосун, саламаттыкты сактоо мекемелерин бутага алуу же аларга сокку уруу гуманитардык мыйзамды бузуу болуп саналат» деп эскертти.

Дюжаррик бир тараптан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун 15 ай мурда башталган Орусия-Украина согушунда саламаттык сактоо мекемелерине 1000ден ашуун кол салуу болгонун кабарлаганын, бул кол салуулардын 240 адамдын өлүмүнө, медицина кызматкерлери менен бейтаптардын жаракат алышына себеп болгонун айтты.

Украинанын чыгышы менен түштүгүндөгү саламаттык сактоо мекемелеринин дээрлик жарымынын иштебей турганын белгилеген Дюжаррик, БУУнун жана гуманитардык жардам өнөктөштөрүнүн ушул убакка чейин саламаттыкты сактоо тармагында 3 миллион кишиге жеткенин, коюлган максаттын жылдын акырына чейин 8 миллион адамга жетүү экенин билдирди.



Тектеш кабарлар