Брюсселде дыйкандар Европа Биримдигинин планына каршылык көрсөтүштү

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде көп сандаган дыйкан Европа Биримдигинин жаратылышты калыбына келтирүү планына каршы чыгышты.

1994151
Брюсселде дыйкандар  Европа Биримдигинин планына каршылык көрсөтүштү
bruksel ciftciler gosteri1.jpg
bruksel ciftciler gosteri.jpg

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде көп сандаган дыйкан Европа Биримдигинин жаратылышты калыбына келтирүү планына каршы чыгышты.

Дыйкандар коомдору  Boerenbond жана Copa-Cogegaнын чакыруусу менен Брюсселдеги Европа Парламентинин (ЕП) алдындагы Люксембург аянтына 100гө жакын киши чогулду.

Аймактагы жолдорго тракторлорун токтотуп, унаа агымын тоскон дыйкандар аянттын ортосуна кой-эчкилердин  макеттерин коюшту.

Митингге чыккандар  Европа Биримдиги тарабынан даярдалган Европанын жаратылышты калыбына келтирүү мыйзамынын айыл чарба иштерине зыянын тийгизерин айтып, Европа Парламентинин депутаттары тарабынан четке кагылышын талап кылышты.

Айрым депутаттар мыйзамга каршы документке кол коюшту.

Европа Биримдиги комиссиясы тарабынан даярдалган жаратылышты калыбына келтирүү мыйзамы 2030-жылга чейин биримдикке мүчө мамлекеттерде экосистемалардын кеминде 20 пайызын калыбына келтирүүнү шарттайт.

Сунуштун күчүнө кириши үчүн Европа Парламенти менен мүчө мамлекеттердин ортосунда сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар