Песков: «Эрдоган менен Путин жакынкы аралыкта жолугушат»

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1993558
Песков: «Эрдоган менен Путин жакынкы аралыкта жолугушат»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин бетме-бет жолугушууну пландап жаткандарын билдирди.

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бир суроо боюнча Песков Эрдоган менен Путиндин «жакынкы келечекте» бетме-бет жолугушууну пландап жатышканын белгиледи.

«Путин Эрдоганды шайлоодогу жеңиши жана кайрадан Түркиянын президенти болуп шайланышы менен куттуктап телефон чалганда, эки лидер тең жакынкы келечекте эки тараптуу жолугушуу өткөрүү ниетин тастыкташты», - деген Песков, бул жолугушуунун кайда жана качан болорунун аныкталып жаткандарын айтты.

Орусиялык катчы: «Бул жолугушуу кайда жана качан өтөөрү эки лидердин графиктерине ылайык чечилиши керек. Бирок ушундай макулдашуу бар жана бул жолугушууга даярданып жаткабызды айта алам»,-деди.



Тектеш кабарлар