Россия Киевге карата кол салды

Россиянын аба күчтөрүнүн Украинанын борбор шаары Киевге жасаган кол салуусунда 1 киши каза болуп, 4 киши жараланды.

1992915
Россия Киевге карата кол салды

Россиянын аба күчтөрүнүн Украинанын борбор шаары Киевге жасаган кол салуусунда 1 киши каза болуп, 4 киши жараланды.

Киев акыркы суткада үчүнчү жолу учкучсуз учуучу аппарат менен жасалган кол салуулардын бутасы болду. Кол салууларда кеминде 1 киши каза болуп, 4 киши жараланды.

Кол салууда эл дүрбөлөңгө түшүп, метро станцияларына жана баш калкалоочу жайларга барышты.  20дан ашуун учкучсуз учуучу аппараттын абадан коргонуу системалары менен атылгандыгы билдирилди.

Украина армиясынын кечээки билдирүүсүндө Россиянын Киевди бутага алган 11 Искандер ракетасын аткандыгы, ракеталардын бардыгынын абада жок кылынганы жарыяланды.

Жекшембиге караган түнү Россиянын Киевди 54 учкучсуз учак менен бутага алганы, алардын 52синин зыянсыздандырылгандыгы билдирилген.

Россиянын борбор шаары Москва да учкучсуз учуучу аппаттардын бутасы болду. Атып түшүрүлгөн учкучсуз учуучу аппараттардын айрымдары имараттарда кичине масштабдагы чыгымдарга себеп болгондугу, 1 кишинин да жеңил жаракат алгандыгы маалымдалды.

Украинанын президенттик кеңсесинин кеңешичиси Михаил Подоляк өлкөсүнүн  Москвага учкучсуз учуучу аппараттар менен  жаслаган кол салуу менен байланышынын жок экендигин билдирди.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков  болсо укучсуз учуучу  аппараттар менен Москвага жаслаган кол салууну Украинанын жасагандыгын белгилеп : «Кол салуунун Украинадагы чечим чыгаруу борборлорунун бирине жасаган  ийгиликтүү кол салууга жооп катары Киев режими тарабынан жасалгандыгы  абдан ачык»,- деди.

Песков  бул кол салуулардын Россиянын Украинада  жүргүзгөн «атайын аскердик операциянын» тууралыгын көрсөткөндүгүн айтты.

Россиянын коргоо министрлиги алыс аралыкка учуучу так башкарылуучу ракеталар менен Украина армиясына таандык аба базаларынын  атылгандыгын жарыялады.

Украина армиясынан берилген  билдирүүдө да порт шаар болгон Одессага карата кол салууда 5 учактын атылгандыгы билдирилди.

Россия 2022-жылдын 24-февралында баштаган жана 15 айдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан согушта Запорожье, Харьков, Луганск жана Херсон сыяктуу аймактардагы фронтто кагылышуулар улантылып, 8 айдан бери  катуу кагылышуу болгон аймак болду Донецк болду.

Украинанын Донецк облусундагы Бахмут фронту багытында жайгаштырылган украин армиясынын артиллериялык батареялары Орусиянын позицияларын катуу аткылоодо.

Бир тараптан америкалык сенатор Линдси Грэмдин Украина сапары жана билдирүүлөрүнөн кийин Россия Грэмдин атын издөөгө алынгандардын тизмесине кошту.

Америкалык сенатор Украинанын президенти Владимир Зеленский менен  жолугушуусунда  кагылышууларда орус аскердик жоготууларына АКШнын  эң жакшы чыгымдарынын бири катары баа берген.

 



Тектеш кабарлар