Кытай АКШнын жолугушуу сунушун четке какты

АКШнын Коргоо департаментинин (Пентагон) басма сөз катчысы генерал Патрик Райдер маалымат берди.

1992811
Кытай АКШнын жолугушуу сунушун четке какты

АКШнын эки өлкөнүн коргоо министрлеринин жолугушуусу үчүн Кытайга сунушунун Пекин администрациясы тарабынан четке кагылганы маалымдалды.

АКШнын Коргоо департаментинин (Пентагон) басма сөз катчысы генерал Патрик Райдер: «Кытай Америка Кошмо Штаттарына, коргоо министри Ллойд Остиндин ушул аптада Сингапурда Кытайдын улуттук коргоо министри Ли Шанфу менен жолугушуусу үчүн май айынын башындагы сунушубузду четке какты»,- деп айтты.

Райдер АКШнын Коргоо департаментинин, атаандаштыктын чыңалууга айланып кетпеши үчүн Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы байланыш линияларын сактоонун маанилүүлүгүнө бекем ишенерин билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысы белгилегендей, Кытайдын армиялар аралык маңыздуу талкууларга катышууну каалабагандыгы АКШнын Коргоо департаментинин мамилелерди жоопкерчиликтүү башкаруунун бир бөлүгү катары Элдик боштондук армиясы менен бир нече деңгээлдеги ачык байланыш линияларын издөө боюнча милдеттенмесин азайтпайт.

Райдер Американын санкциялар аркылуу душмандарына каршы күрөшүү мыйзамынын (CAATSA) алкагындагы санкциясы генерал Линин катчы Остин менен жолугушуусуна тоскоолдук кылбай турганын айтты. 

Бир тараптан АКШнын жогорку даражалуу коргоо кызматкери, Кытайдын АКШнын коргоо министри, Башкы штабынын төрагасы же министрликтин башка жооптуу адамдарынын жолугушуу чакыруусун четке каккан биринчи өлкө эмес экенин маалымдады.



Тектеш кабарлар