ЕБден Молдовага финансылык колдоо

Билдирүүдө: «Европа Кеңеши Биримдиктин Молдовага каржылык жардамын дээрлик 2 эсеге көбөйтүп, 295 миллион еврого жеткирди»,-деп айтылды.

1993001
ЕБден Молдовага финансылык колдоо

Евробиримдик, экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан Молдовага 295 миллион евролук каржылык колдоо көрсөтөт.

Европа Кеңеши, мүчө өлкөлөрдүн Орусия-Украина согушунун терс экономикалык кесепеттеринен таасирленген Молдовага каржылык жардам көрсөтүү чечимин чыгарганын жарыялады.

Билдирүүдө: «Европа Кеңеши Биримдиктин Молдовага каржылык жардамын дээрлик 2 эсеге көбөйтүп, 295 миллион еврого жеткирди»,-деп айтылды.

Европа Биримдигинин макрофинансылык жардамынын Молдовага Эл аралык Валюта Фондунун (IMF) келишиминин алкагында берилген ресурстарды толуктай турганына көңүл бурулуп, мунун өлкөнүн экономикалык ырааттуулугун жана структуралык реформаларын колдоону максат кылганы белгиленди.

Билдирүүдө айтылган колдоонун 220 миллион евросунун насыя, 75 миллион евросунун грант болору, ушундайча Молдованын төлөмдөр тең саламагы муктаждыгынын камсыздалышына салым кошору маалымдалды.



Тектеш кабарлар