Түркиянын балыкчы кемесине Сириядан ок атылды

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич суроолорго жооп берди.

1992295
Түркиянын балыкчы кемесине Сириядан ок атылды

Түркия түрк балык уулоочу кемесине Сирия режими тарабынан ок атылышын айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич, түрк балыкчы кемесине эл аралык сууларда Сирия режиминин коопсуздук күчтөрүнө таандык кемелер тарабынан ок атылгандыгы жөнүндөгү суроого жооп берди.

Маалымат катчы Билгич: «Адана Караташ портунан сүзүп чыккан «Махмутжан-1» аттуу түрк балыкчы кемесине эл аралык сууларда бара жатканда Сирия режиминин коопсуздук күчтөрүнө таандык 2 кеме тарабынан кечээ (28-майда) ок атылышын жана 2 балыкчынын жеңил жаракат алышына себеп болушун айтыптайбыз»,-деди.

Билгич эл аралык сууларда болгон жана Самандаг Башкы прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жаткан бул окуяга жакындан байкоо сала тургандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар