Киевге абадан кол салуулар уланып жатат

Киевдин мэри Виталий Кличко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, эртең мененки чабуулдардан кийин Киевде дагы жардыруулардын болгонун айтты.

1992469
Киевге абадан кол салуулар уланып жатат

Украинанын борбору Киевде дагы жарылуулар болду.

Киевдин мэри Виталий Кличко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, эртең мененки чабуулдардан кийин Киевде дагы жардыруулардын болгонун айтты.

Украинанын абадан коргонуу системаларынын Киевде иштеп жатканын белгилеген Кличко, ракета сыныктарынын борбор калаанын Деснян, Подилск жана Оболонский райондоруна тийгенин кабарлады.

Кол салууда бир кишинин жараланганын белгилеген Кличко, душмандын (Орусия) Киевдин борбордук райондорун бутага алганын айтты.

Киев шаарынын Аскердик башкармалыгынын билдирүүсүндө, орус армиясынын таң эрте борбор шаар Киевге абадан кол салганы маалымдалган.

Билдирүүдө Киевге жасалган кол салууда Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан 40тан ашуун ракета жана учкучсуз учуучу аппарат сыяктуу буталардын абада жок кылынганы жарыяланган.



Тектеш кабарлар