Пакистанда 13 метр узундуктагы кит жээкке чыкты
Болжол менен 8 - 10 күн мурда өлгөндүгү айтылган китти катуу толкундардын жээкке чыгаргандыгы белгиленди.
1991464

Пакистандын Белужистан аймагында 13 метр узундуктагы өлүү көк кит жээкке чыкты
Белужистан провинциясына караштуу Гвадар аймагындагы Живани районунда өлүү кит табылды.
Болжол менен 8 - 10 күн мурда өлгөндүгү айтылган китти катуу толкундардын жээкке чыгаргандыгы белгиленди.
13 метр узундуктагы кит жээкке чыгарылды.
Аймакка барган Дүйнөлүк табиятты коргоо фондунун жетекчилери өлүм себебин изилдөө үчүн киттен кан жана клетка үлгүсүн алды.
Узундугу 33 метрге жакын көк киттер Эл аралык табиятты коргоо биримдигинин тукуму жоголуп бара жаткан жаныбарлар тизмесинде орун алды.