Орусия-Беларусь келишимине АКШнын реакциясы

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Беларустун коргоо министри Виктор Хренин Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу боюнча документтерге кечээ кол коюшкан.

1991043
Орусия-Беларусь келишимине АКШнын реакциясы

Орусия менен Беларустун ортосунда тактикалык өзөктүк курал боюнча кол коюлган келишимге АКШ каршылык көрсөттү.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында, Орусия менен Беларустун ортосунда тактикалык өзөктүк куралдардын Беларуста жайгаштырылышын расмийлештирүү келишиминин алардын өзөктүк позицияларына таасир эте турган абал эмес экенин айтты.

Орусиянын өзөктүк курал колдонууга даярданып жатканынын да белгиси жок экенин билдирген Жан-Пьер, Орусиянын бул кадамын «жоопкерчиликсиз жана чагымчыл тандоолордун дагы бир мисалы» деп мүнөздөдү.

Жан-Пьер НАТО альянсынын коллективдүү коргоого берилгендиктерин баса белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтт Миллер да, Беларустун Орусия менен тактикалык өзөктүк курал боюнча келишимге кол коюусун айыптап: «Бул Орусиянын бир жылдан ашык убакыт мурун Украинага толук кол салуусунда биз көргөн жоопкерчиликсиз жүрүм-турумдун акыркысы», - деди.

Миллер, Орусиянын Украина менен согушунда биологиялык, химиялык же өзөктүк куралды колдонуусунун чоң чыгымга алып келерин мурда да айтышкандарын билдирди.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Беларустун коргоо министри Виктор Хренин кечээ Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу боюнча документтерге кол коюшкан.

Хренин мунун батыштык өлкөлөрдүн «достуксуз» жана «агрессивдүү» саясатына  каршы жооп экенин баса белгилеген.



Тектеш кабарлар