Европа Биримдигинен Ф - 16 машыгуулары тууралуу билдирүү

Боррель 23 -  майда Европа Биримдигинин коргоо министрлеринин жыйынынын кире беришинде Польшада машыгуулардын башталгандыгын белгилеген.

1991427
Европа Биримдигинен Ф  - 16  машыгуулары тууралуу билдирүү

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин украиналык учкучтардын Ф  - 16  учактары үчүн машыгууларынын Польшада башталды деген билдирүүсүнүн Варшаванын бул темада каалоосуна байланыштуу  экендиги белгиленди.

Европа Биримдиги комиссиясынын катчыларынан Набила Массрали Бельгиянын борбор шаары Брюсселде берген маалыматында Боррелдин украиналык учкучтардын Ф  - 16  учактары үчүн машыгуулары Польшада башталды деген билдирүүсүнө түшүндүрмө берди.

Массрали Бореллдин машыгуулардын башталгандыгы тууралуу билдирүүсүнүн Польшанын бул темада көп убакыттан бери билинген каалоосу менен байланыштуу экендигин айтты.

Боррель 23 -  майда Европа Биримдигинин коргоо министрлеринин жыйынынын кире беришинде Польшада машыгуулардын башталгандыгын белгилеген. Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак украиналык учкучтарды Ф -16 учагы тууралуу машыктырууга даяр экендиктерин, бирок өлкөсүндө мындай машыгуу баштала электигин билдирген.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин кечээки билдирүүсүндө Польша менен Норвегия, Бельгия жана Португалиянын украиналык учкучтарды машыктырууну каалагандыгын билдиргендигин айтып, Украина армиясын Ф  - 16  учактары боюнча окутуу үчүн түзүлгөн Европа коалициясына Дания менен Нидерландиянын жол башчылык кыларын билдирген.



Тектеш кабарлар