Японияда 6,2 баллдык жер титирөө болду
Жер титирөөдөн кийин аймакта «гигант толкун» эскертүүсү берилген жок.
1991343
Япониянын борбору Токионун чыгышындагы Чибага жакын жерде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду.
Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматы боюнча, жер титирөө Чиба провинциясына караштуу Камису жээгинде болгон.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.03тө жердин 50 километр тереңдигинде болгон жер титирөөдөн кийин аймакта «гигант толкун» эскертүүсү берилген жок.
Жер титирөө Чибада, ошондой эле борбор шаар Токиодо жана анын айланасындагы Канагава, Ибараки жана Сайтама провинцияларында сезилди.
Тектеш кабарлар
Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"
Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.