Грек медиасынын Түркияга болгон кызыгуусу

SLpress сайтында "Греция эмне үчүн Түркия менен атаандаша албайт?" деген макала орун алды.

1991355
Грек медиасынын Түркияга болгон кызыгуусу

Грек медиасынын Түркияга болгон кызыгуусу уланууда.

Бул ирет түрк экономикасы менен Грециянын экономикасы салыштырылды.

SLpress сайтында "Греция эмне үчүн Түркия менен атаандаша албайт?" деген макала орун алды.

Анда түрк экономикасынын финансылык маалыматтары камтылды.

Макалада «Түркиянын экономикалык көлөмү 905 миллиард доллар болсо, Грециянын көлөмү 223 миллиард доллар» деп салыштырылды

Эки өлкөнүн экономикасынын ортосундагы чоң айырмага көңүл бурулган макалада «Убакыт Түркиянын пайдасына өтүп жатат» деп айтылды.

Макалада «Түркия өнөр жай, курулуш, айыл чарба өндүрүшү жана туризм сыяктуу бардык тармактарда таасирдүү экономикалык өсүштү көрсөтүү менен ийгиликтүү болду. Улуу державага айланды» деген сөздөр жазылып, Түркиянын дүйнөнүн эң чоң жеңил коммерциялык унаа өндүрүүчүсү экени да белгиленди.

Макалада Түркиянын көптөгөн аймакта кадамдарды жасаганына көңүл бурулуп, Грециянын муну карап турганы жөнүндө сереп салынды.



Тектеш кабарлар