БУУ Түштүк Суданда гуманитардык жардам операцияларын токтотту

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жардам кербенине жасалган кол салуудан улам Түштүк Суданда гуманитардык жардам операцияларын токтотту.

1991180

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жардам кербенине 23-майда кол салуу болгонун айтты.

Кол салуунун мотоциклчен   топ тарабынан жасалгандыгын билдирген Дужаррик кол салуунун натыйжасында БУУнун Түштүк Судандагы кампусунун алдында 100 түрдүү азык-түлүк ташыган 5 жардам унаасынын тонолгондугун белгиледи.

Кол салуунун натыйжасында 7 тонна тамак-аштын тонолгондугун белгилеген Дужаррик Дүйнөлүк азык-түлүк программасына быйыл үчүнчү жолу кол салуу болгондугун айтып :  "Дүйнөлүк азык-түлүк программасы бул аймактагы операцияларды токтотуудан башка аргасы жок",-  деди.

Бул абалдын 1 миллиондон ашуун кишиге таасирин тийгизерин  баса белгилеген Дужаррик, быйыл Түштүк Судан калкынын 76 пайызынын гуманитардык жардамга муктаж болору болжолдонуп жатканын айтты.

Тектеш кабарлар