Бельгия ирандык дипломатты бошотту

Бельгияда «террор» кылмышынан  камалган ирандык дипломат Асадулла Асадинин бошотулгандыгы жарыяланды.

1991411
Бельгия ирандык дипломатты  бошотту

Бельгияда «террор» кылмышынан  камалган ирандык дипломат Асадулла Асадинин бошотулгандыгы жарыяланды.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян Twitter баракчасында бөлүшүп : «Асадулла Асади учурда мекенине кайтууда жана жакында Иранга келет», - деди.

Ирандын Австрияда Вена элчилигинде иштеген дипломат Асади 2018 -  жылы июнь айында Иранда террордук уюм катары кабыл алынган Элдин мужахиттери уюмунун Франциянын борбор шаары Парижде уюштурган бир иш  -  чарага кол салууну пландаган деген негиз менен Германияда кармалган.

Асади андан кийин Бельгияга тапшырылып, соттолуп, 2021 -  жылы февраль айында террордук кол салууну пландоо кылмышынан 21 жыл эркинен ажыратылган.

Иран бул чечимге каршылык көрсөтүп,  Бельгиядан Асадинин дипломатиялык статусун таануусун, бошотууну талап кылган. Кийинчерээк  Оливье Вандекастиле аттуу Бельгиянын жараны Иранда "тыңчылык, арам акчаны адалдоо жана валюта контрабандасы" үчүн кармалып, 40 жылга эркинен ажыратылды.

Бул процессте Иран менен Бельгиянын ортосунда камактагылар менен туткундардын алмашуусун күткөн келишим 2022-жылы эки өлкөнүн парламентинде бекитилди.

Келишим Бельгияда "террор" менен айыпталып камалган ирандык дипломат Асадулла Асади менен Иранда "тыңчылык, арам акчаны адалдоо жана валюта контрабандасы" үчүн 40 жылга эркинен ажыратылган Бельгиянын жараны Оливье Вандекастилени бошотууга мүмкүндүк берди.



Тектеш кабарлар