Суэц каналында кеме жээкке чыгып калды

«Xin Hai Tong 23» аттуу кеменин кайрадан жол тартканы билдирилди.

1990591
Суэц каналында кеме жээкке чыгып калды

Суэц каналында тыгылып калган кеме кайрадан сүзө баштады.

Лет агенттиги, буксирлердин «Xin Hai Tong 23» аттуу кеменин кайрадан жол тартышына жардам бергенин билдирди.

Египеттеги Суэц каналынын башкаруусу, эртең менен кеменин кайрадан сүзө баштаганын маалымдады.

Эки жыл мурда дүйнөдөгү эң кыймылдуу суу жолдорунун бири болгон Суэц каналында ири контейнер кемесинин тыгылып калышынын себебинен дээрлик бир жума бою кемелер өтө албай калган.

Дүйнөдөгү эң чоң контейнердик кемелердин бири Ever Given каналды алты күнгө жапкан.

Тайвандык Evergreen Marine фирмасы башкарган кеме, суу жолун колдонууга аракет кылган жүздөгөн кемелердин тыгынын жараткан болчу.



Тектеш кабарлар