Орусия менен Беларусь келишим түздү

Орусиялык тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу боюнча документке кол коюшканын билдирди.

1990683
Орусия менен Беларусь келишим түздү

Орусия менен Беларусь өзөктүк куралды жайгаштыруу боюнча документке кол коюшту.

Орус мамлекеттик кабар агенттиги ТАСС, Орусия менен Беларустун коргоо министрлеринин Беларуста орусиялык тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу боюнча документке кол коюшканын билдирди.

Орусиялык басылмалар ошондой эле Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун Батыштын Орусия менен Беларуска каршы “жарыяланбаган согуш” жүргүзүп жатканын айтканын жазып чыгышты.

2022-жылдын 24-февралынан бери Украинадагы согуш темасында жакын союздаш болгон Орусия менен Беларусь жыл башында Москванын тактикалык өзөктүк арсеналынын бир бөлүгүн Беларуста жайгаштырууну макулдашкан.



Тектеш кабарлар