Столтенберг: «Орусия-Украина согушу токтомоюнча Украинанын НАТОго мүчөлүгү күн тартипте болбойт»

Столтенберг Бельгиянын алдыңкы аналитикалык борборлорунун бири Германиянын Маршалл фонду тарабынан уюштурулган Брюссель форумунда сөз сүйлөдү.

1990411
Столтенберг: «Орусия-Украина согушу токтомоюнча Украинанын НАТОго мүчөлүгү күн тартипте болбойт»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 2022-жылдын 24-февралында башталган Орусия-Украина согушу токтомоюнча Украинанын НАТОго мүчөлүгүнүн күн тартибинде жок экенин билдирди.

Столтенберг Бельгиянын алдыңкы аналитикалык борборлорунун бири Германиянын Маршалл фонду тарабынан уюштурулган Брюссель форумунда сөз сүйлөдү.

Согуш Украинанын НАТОго мүчө болушуна шарт түздүбү деген суроого Столтенберг: «Ооба да, жок да. Менин оюмча, Украина согуштун ортосунда турганда НАТОго кирүү биздин күн тартибибизде жок экенин баары билет. Кеп анда эмес. Кеп согуш аяктагандан кийин эмне болору жөнүндө...»,-деп жооп берди.

Украинага берген колдоосунан улам согуштун Украинаны НАТОго жакындатканын белгилеген Столтенберг: «Биз учкучтарды окутууну баштаганда, алар НАТОнун жабдууларын көбүрөөк колдонушат, алар НАТОнун ар кандай системаларын кантип иштетүү керектиги жөнүндө сөз болгондо, албетте жакындашууда. Ошондуктан Вильнюс саммитинде Украинанын советтик доордогу доктриналардан, жабдуулардан жана стандарттарынан НАТОго өтүүгө жардам берүү үчүн даярдалган көп жылдык программа боюнча макулдаша алабыз деп үмүттөнөм»,-деп айтты.

Талаадагы абалдын «кыйратуучу согушка» айланганын белгилеген Столтенберг:«Кыйратуучу согуштар логистикалык согуштарга айланат»,-деп айтты.

Столтенберг, «F-16 согуштук учактарынбы же танктарды беришибиз керекпи?»деген суроого бардык системалардын туруктуу жана эффективдүү иштеши маселесине оңой карабоо керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар