Пакистанда жанкечтилик кол салуудан 4 киши каза болду

Geo News агенттигинин маалыматына караганда, Ооганстан менен чектеш Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Түштүк Вазиристан аймагындагы көзөмөл-өткөрмө бекетине жанкечтилик кол салуу болду.

1990323
Пакистанда жанкечтилик кол салуудан 4 киши каза болду

Пакистанда текшерүү бекетине жанкечтинин кол салуусунан 4 киши каза болду.

Geo News агенттигинин маалыматына караганда, Ооганстан менен чектеш Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Түштүк Вазиристан аймагындагы көзөмөл-өткөрмө бекетине жанкечтилик кол салуу болду.

Кол салууда көзөмөл пунктунда кызмат өтөгөн 2 коопсуздук күчтөрү жана 1 полиция кызматкери болгон 4 киши каза болуп, 2 полиция жаракат алды.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Кечээ Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы газ электр станциясына согушкерлер тарабынан кол салуу болуп 4 аскерлештирилген күч жана 2 жеке коопсуздук кызматкери каза болгон.

Акыркы айларда Пакистанда, өзгөчө Хайбер-Пахтунхва жана Белужистан провинцияларында террордук чабуулдар көбөйдү.

Исламабад бул чабуулдарды Ооганстанда жайгашкан пакистандык талиптер (ТТП) пландап жана башкарган деп ырастоодо. Ооганстан бул айыптоолорду четке кагууда.

Пешаварда 30-январда бешим намазы учурунда мечитке болгон жанкечтилик кол салууда 102 киши, көбү полиция кызматкерлери, 6-мартта Белужистанда жанкечтилик кол салууда 10 полиция кызматкери набыт болгон.

19-майда Белужистандын Жоб аймагында Жамаат-и Ислам партиясынын лидери Сираж ал-Хактын кербенине жанкечтилик кол салуу болгон. Партиянын баш катчысы Эмирүл Азим, партиянын лидери Хактын жанкечтилик кол салуудан жаракат албастан аман калганын, кол салган кишинин набыт болгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар