Иран : "Чет элдик чалгындоо кызматы менен байланышы бар топту жок кылдык"

Иран чет элдик чалгындоо кызматтары менен кызматташтык түзгөн бир топту куугунтукка алгандыгын жана бардык мүчөлөрүнүн камалгандыгын жарыялады.

1990317

Иран сот бийлигине караштуу Мизан кабар агенттиги Ирандын чалгындоо министрлигине таянган кабарында чет элдик чалгындоо  кызматтарв менен кызматташкан топтун жок кылынганын билдирди.

Кабарда бул топтун өлкө ичиндеги жана тышындагы ирандыктар тууралуу маалыматтарга жетүүнү каалаган душман чалгындоо кызматынын «чоң долбоорунун» бир бөлүгү экендиги айтылды.

Топтун  ирандык жетекчилерге жана өлкөнүн жооптуу мекемелериндеги маанилүү маалыматтарга ээ болгондорго басым жасаганы, ошондой эле алар тууралуу маалымат алуу үчүн мамлекеттик мекемелердеги адамдар менен байланышканы айтылды.

Кабарда аталган тармактын бардык мүчөлөрү, өзгөчө топтун жетекчилеринин сот органдарынын буйругу менен камакка алынгандыгы  белгиленди.

Тектеш кабарлар