Ирандан Сауд Арабияга элчи дайындалды

Ирандын сот бийлигинин басма органы Мизан кабар агенттигинин маалыматына караганда, Иран менен Сауд Арабиянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштар кайра жандангандан кийин Инаяти Ирандын Эр-Рияддагы элчиси болуп дайындалды.

1989642
Ирандан Сауд Арабияга элчи дайындалды

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Реза Инаяти Сауд Арабиядагы жаңы элчиси болуп дайындалды.

Ирандын сот бийлигинин басма органы Мизан кабар агенттигинин маалыматына караганда, Иран менен Сауд Арабиянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштар кайра жандангандан кийин Инаяти Ирандын Эр-Рияддагы элчиси болуп дайындалды.

Инаяти буга чейин Ирандын Кувейттеги элчиси болуп да иштеген.

Эр-Рияд менен Тегеран 7 жылдык тыныгуудан кийин 10-мартта Кытайдын борбор шаары Пекинде кытайлык расмий өкүлдөрдүн ортомчулугу менен эки айдын ичинде дипломатиялык карым-катнаштарын калыбына келтирүүнү макулдашты.

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан да 6-апрелде Пекинде жолугушуп, эки өлкөнүн элчиликтерин кайра ачуу, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын калыбына келтирүү жана визаларды жеңилдетүү боюнча макулдашышты.

Абдуллахиян 11-майда жасаган билдирүүсүндө Сауд Арабиянын Ирандагы элчисин тааныштырганын, ошондой эле кыска убакыттын ичинде Сауд Арабияга дайындала турган элчини Сауд Арабияга билдире тургандарын айтты.

Ирандын экономика министри Ихсан Хандузи көп жылдардан кийин Ирандан Сауд Арабияга биринчи жогорку деңгээлдеги сапар катары 11-майда делегациясы менен Сауд Арабиянын Жидде шаарына барды.



Тектеш кабарлар