Бразилияда куш тумоосунан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Кээ бир сүт эмүүчүлөрдүн да бул ооруга чалдыкканы айтылууда.

1989731
Бразилияда куш тумоосунан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Британиянын БиБиСи телеканалынын кабарына караганда Бразилиянын айыл чарба министри Карлос Фаваро, өзгөчө Эспирито-Санто  жана Рио-де-Жанейро штаттарында жапайы канаттууларда көп сандаган куш тумоосунун аныкталышы менен өлкөдө 6  өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирди. 

Айыл  -  чарба министрлигинин жетекчилери мындай оорулардын Бразилиянын түштүгүндөгү өндүрүшаянттарынан абдан алста экендигин белгиледи. 

Жылдык  болжол менен  10 миллиард долларлык тоок эти менен дүйнөдө биринчи орунда турган Бразилия оору "коммерциялык канаттууларга"  да өтө турган болсо, канаттууларды жок кылуу жана башка өлкөлөрдөн келе турган коммерциялык чектөөлөрдөн улам экспортто жоготууга учуроодон тынчсызданууда. Дүйнө 2021 - жылы октябрь айынан бери ушул кезге чейинки эң начар куш тумоосу эпидемиясын жашап жатат жана эпидемия ар дайымкыдан дагы көп жапайы канаттуулардын өлүмүнө себеп болууда. Мындан тышкары, кээ бир сүт эмүүчүлөр бул ооруга чалдыкканы айтылат. 

 



Тектеш кабарлар