Кения Сомали чек арасына аскердик операциялар базаларын курду

Бул тууралуу Кениянын коргоо министри Аден Дуале басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө айтты.

1988877
Кения Сомали чек арасына аскердик операциялар базаларын курду

Кения коопсуздук көйгөйлөрү көп болгон Сомали менен чек арага 14 аскердик база курду.

Кениянын коргоо министри Аден Дуале басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Эш-Шабаб террордук уюму менен күрөшүүдө Сомали чек арасында коопсуздук чараларынын күчөтүлгөнү тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Дуале өлкөсүнүн Сомали менен чек арасында коопсуздукту арттыруу үчүн 14 аскердик операция базасы курулганын белгиледи.

Кениянын өкмөтү келерки жылдан тарта Сомалиден тынчтык орнотуучу күчтөрүн чыгарып кетүүнү чечкенин майдын башында жарыялаган.

Сомалидеги кол салуулары менен алдыңкы планга чыккан Эш-Шабаб уюму Кенияда да көптөгөн адамдын өлүмүнө себеп болгон кол салууларды уюштурууда.

3500гө жакын кениялык аскер 2012-жылдан бери Сомалиде террордук уюм Эш-Шабаб менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар