Байден-Зеленский жолугушуусу...
Жолугушууда Украинага ок-дары жана бронетранспорт каражаттарын камсыздай тургандарын билдирген Байден 375 миллион долларлык жаңы аскердик жардам пакетин да жарыялады.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Японияда өткөн G7 саммитинин алкагында жолугушту.
Жолугушууда Украинага ок-дары жана бронетранспорт каражаттарын камсыздай тургандарын билдирген Байден 375 миллион долларлык жаңы аскердик жардам пакетин да жарыялап: «Украинанын артындабыз жана эч жакка кетпейбиз»,-деди.
Байден ошондой эле Чоң жетиликтин лидерлер саммитинен кийин өткөргөн маалымат жыйынында АКШнын Украинага F-16ларды жеткирүү планына байланыштуу Украинанын азыр бул учактарга муктаж экенин айтты.
Журналисттин Украина бул согуштук учактарды Орусияга кол салуу үчүн колдонобу же жокпу деген суроосуна Байден: «Мен Зеленскийден алар F-16ларды Орусиянын аймагына кирүү үчүн колдонбой турганы боюнча бекем кепилдик алдым. Бирок алар Украинанын территориясында орустар турган жерде аларды колдоно алышат»,-деп жооп берди.
Зеленский болсо Твиттерде Байден менен Чоң жетиликтин саммитинин алкагында жолукканын бөлүшүп, Байденге АКШнын Украинага берген 37 миллиард долларлык каржылык жана 375 миллион долларлык аскердик жардамына ыраазычылык билдирип: «Биз эч качан унутпайбыз»,-деп айтты.
Зеленский: «Биз өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча мындан аркы кызматташууну, Украинанын Тынчтык формуласын ишке ашырууну, Украинаны реконструкциялоо жана жакшыртуу долбоорлорун талкууладык»,-деди.
Тектеш кабарлар

Болгарияда орус номуру тагылган унааларга тыюу салынды
Европада орус номурлуу унааларга тыюу салган өлкөлөрдүн саны 8ге жетти.