Колумбияда кулаган учактагы 4 бала тирүү табылды

Бул тууралуу Колумбиянын президенти Густаво Петро Твиттерден билдирүү жасады.

1987983
Колумбияда кулаган учактагы 4 бала тирүү табылды

Колумбияда 1-майда ичиндеги 7 киши менен дайынсыз жоголгон жана кечээ сыныктары аныкталган кичинекей учактагы 4 бала тирүү табылды.

Бул тууралуу Колумбиянын президенти Густаво Петро Твиттерден билдирүү жасап: «Аскерлерибиздин түйшүктүү издөөлөрүнүн натыйжасында Гуавиареде кыйраган учактагы төрт баланы тирүү таптык. Бул өлкө үчүн чоң кубаныч»,-деди.

Кыйраган учакта аман калган бир туугандардын токойдон табылганы белгиленди. Алардын бири 11 айлык наристе.

13 жаштагы Лесли Бонбер, 9 жаштагы Солейни Ранок, 4 жаштагы Тянь Ранок жана 11 айлык ымыркай Кристиан Раноктун кырсыктан кандайча аман калганы жана 17 күн кантип жашагандары тууралуу толук маалымат берилген жок.

Blu Radio жаңылыктарында бир туугандардын эң улуусу Леслинин кичүү бир туугандарын аман алып калуу үчүн токойго убактылуу баш калкалоочу жай курганы айтылды.

Кечээ өлкөнүн түштүгүндөгү токойлордон сыныктары аныкталган кичиникей учактагы берки 3 адамдын сөөгү табылган болчу.

Гуавиаре административдик аймагынын Сан-Хосе шаарына кулаганы болжолдонгон HK 2803 үлгүсүндөгү кичинекей учакта 7 кишинин болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар