Европа Кеңешинин саммитинде чыгарылган чечимдер

Саммитте Россиянын Украинадагы согуштук кылмыштарынан жооптуу болушу керектиги баса белгиленип, мунун биринчи кадамы боло турган бир механизмди түзүү чечими чыгарылды.

1987894
Европа Кеңешинин саммитинде чыгарылган чечимдер

Европа Кеңешинин төртүнчү саммитинде Россиянын Украинадагы согуштук кылмыштарынан жооптуу болушу керектиги баса белгиленип, мунун биринчи кадамы боло турган бир механизмди түзүү чечими чыгарылды. 

Исландиянын борбору Рейкьявик шаарында өткөн Европа Кеңешинин төртүнчү саммитинин акырында мүчө 46 өлкөнүн өкүлү жана  Канада, Япония, АКШ жана Европа Биримдиги өкүлдөрү биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. 

Билдирүүгө  караганда, Россиянын Украинада жараткан чыгымдардын ордун толтурууну камсыздоонун биринчи кадамы боло турган “Зыяндарды каттоо” механизми түзүлдү.

Механизм согуш башталган  2022 -  жыл  24 -  февралдан  тарта кол салуулардан жабыркаган бардык жана жеке юридикалык  жактар менен Украинага келтирилген чышым жана жоготуларга байланыштуу далилдер менен дооматтарды камтыйт.

Лидерлер механизмдин бир талап комиссиясы жана компенсация фондун камтыган механизмди кеңейтүүнүн үстүндө иштөө боюнча келишти.

Агрессия кылмыштары үчүн соттун түзүлүшүнө карата алдыга жылууну ыраазычылык менен кабыл алган лидерлер Россияга күч менен жер которгон жарандарды, өзгөчө балдарды тез арада бошотууга чакыруу салышты.

Лидерлер орус күчтөрү тарабынан мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылган балдардын кайра жиберилишине шарт түзүү үчүн Украина мекемелерине колдоо көрсөтүү үчүн өзүнчө билдирүү кабыл алышты.

 



Тектеш кабарлар