Сомалидеги селдер күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизүүдө

Селде  үчөөсү бала болгон 5 кишинин каза болгондугу,  219 миң кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгону билдирилди.

1987581
Сомалидеги селдер күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизүүдө

Сомалиде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Селде  үчөөсү бала болгон 5 кишинин каза болгондугу,  219 миң кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгону билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун  гуманитардык иштер боюнча координация бюросунун (OCHA) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Сомалинин борбордук аймагында болгон селдин миңдеген адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизгени белгиленди.

Билдирүүдө Беледвейн шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, селде  219 миң кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгону маалымдалды. Ошондой эле селден 460 миң адамдын жабыркагандыгы, суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу көптөгөн маанилүү жерлер, аймактык оорукана жана мамлекеттик имараттардын жабыркаганы айтылды.

Сомалинин апааттарды башкаруу агенттиги селден 5 кишинин каза болгонун алардын ичинен үчөөсүнүн бала экендигин билдирди.

Суу ташкындары катуу болгон аймакта холера жана безгек сыяктуу эпидемиялардын күчөө коркунучу бар.

Коңшу өлкө Эфиопияда 12-майда башталган жамгырдан улам пайда болгон селден 45 киши каза болду.



Тектеш кабарлар