Орусиядан "Кинжал" ракетасы билдирүүсү

Шойгу орус кабар агенттиги Риага берген маалыматында, Украинанын «Орусиянын 6 гиперүндүү Кинжал ракетасы атып түшүрүлдү» деген билдирүүсүнө сереп салды.

1987412
Орусиядан "Кинжал" ракетасы билдирүүсү

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Украинанын орусиялык 6 гиперүндүү «Кинжал» ракетасынын атып түшүрүлгөнү жөнүндөгү билдирүүлөрүнүн чындыкты чагылдырбаганын айтты.

Шойгу орус кабар агенттиги Риага берген маалыматында, Украинанын «Орусиянын 6 гиперүндүү Кинжал ракетасы атып түшүрүлдү» деген билдирүүсүнө сереп салды.

Бул сөздөрдү четке каккан Шойгу: «Ар бир жолу атып түшүргөндөрүн айткандай Кинжал ракеталарын учурган жокпуз. Анын үстүнө Украинанын бөгөт койгонун жарыялаган ракеталардын саны биз учурган ракеталардын санынан үч эсе көп. Ошондой эле Американын коргонуу системалары ким тарабынан башкарылып жаткандыгы темасында суроо белгиси бар»,-деди.

Орусиянын Коргоо министрлиги, гиперүндүү «Кинжал» ракетасы менен Украинанын борбор шаары Киевде Американын «Патриот» абадан коргонуу системасын аткылаганын билдирген.

Украинанын Коргоо министрлиги болсо орус армиясы учурган 6 «Кинжал» ракетасы менен бирге жалпы 18 орус ракетасынын абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айткан.



Тектеш кабарлар