БУУ Cахаелдин коопсуздугун камсыздоого чакырды

БУУнун Африка боюнча башкы катчысынын орун басары Марта Поби БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөдү.

1987699
БУУ Cахаелдин коопсуздугун камсыздоого чакырды

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Сахел аймагындагы куралдуу топторго каршы күрөш жана аймактын коопсуздугу үчүн эл аралык колдоо көрсөтүүгө чакырды.

БУУнун Африка боюнча башкы катчысынын орун басары Марта Поби БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Сахел аймагында куралдуу топтордун кол салууларынын көбөйгөнүнө көңүл буруп, бул учурда эл аралык коомчулуктун жетишсиз экенин жана дагы көбүрөөк колдоо көрсөтүшү керектигин айтты.

Поби аймак өлкөлөрүнөн Буркина Фасо, Чад, Мавритания жана Нигердин куралдуу уюмдарга каршы биргелешип кыймыл кылганын, бирок январь айынан бери эффективдүү аскердик операция жүргүзө албаганын белгиледи.

Франциянын Мали менен болгон кризистен улам аскерлерин Нигерге алып кеткенин билдирген Поби, орус жалданма аскерлеринин аймакка жайгаштырылгандыгын айтты.

Поби Буркина Фасо, Нигер жана Малинин коопсуздук тармагында кызматташкандарын, бирок чек ара аймактарында коопсуздуктун түзүлө албаганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар