Украинадагы чабуулдар

Орус армиясынын май айында Киевге 8-жолу абадан кол салуу жасаганы кабарланды.

1986887
Украинадагы чабуулдар

Орус күчтөрү Украинанын борбор шаары Киевге ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салды.

Киев шаардык аскер башкармалыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, орус армиясынын май айында Киевге 8-жолу абадан кол салуу жасаганы кабарланды.

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн бүгүн эртең менен Киевге карай учкучсуз аппарат жана ракеталык чабуул жасаганы белгиленип: «Киев аба мейкиндигинде душмандын буталарынын көпчүлүгү аныкталып жок кылынды. Ракеталардын саны жана түрү боюнча маалыматтар жакында Аскер-аба күчтөрү тарабынан жарыяланат»,-деп айтылды.

Киевдин мэри Виталий Кличко болсо Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө, орус күчтөрүнүн шаарга кол салууларынын натыйжасында жарылуулардын болгонун кабарлады.

Соломянский, Шевченковский, Дарницкий жана Оболонский райондоруна ракета жана учкучсуз аппараттардын бөлүктөрү тийгенин белгилеген Кличко, Соломянскийде 3 кишинин жараланганын, Дарницкийде 2 унаанын күйүп кеткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар