Чоң жетиликтин лидерлер саммити Хиросимада өтөт

Премьер-министрликтин резиденциясында улуттук басма сөзгө маалымат берген Кишида, кожоюндук кыла турган Чоң жетиликтин лидерлер саммитинен мурда акыркы абалга баа берди.

1987088
Чоң жетиликтин лидерлер саммити Хиросимада өтөт

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио G7 саммитинде өзөктүк куралсыз дүйнөнү шыктандыруу чечкиндүүлүктөрүн көрсөтө тургандарын айтты.

Японияда 19-21-майда өлкөнүн түштүк-батышындагы Хиросима шаарында өтө турган G7 саммитине көңүл бурулду.

Премьер-министрликтин резиденциясында улуттук басма сөзгө маалымат берген Кишида, кожоюндук кыла турган Чоң жетиликтин лидерлер саммитинен мурда акыркы абалга сереп салды.

Чоң жетиликтин ядролук куралсыз дүйнө үчүн күчтүү билдирүү бере турганын айткан Кишида, бул багытта дагы конкреттүү аракеттер менен алдыга жыла тургандарын маалымдады.

Кытайдын Тынч океандагы таасирин жана Орусиянын Украинага кол салышын эске салган Кишида, статус-квону күч менен өзгөртүү аракетине каршы Чоң жетиликтин катуу билдирүү берерин кабарлады.

Ошондой эле энергетика жана азык-түлүк коопсуздугунан баштап климаттын өзгөрүшүнө чейин көптөгөн маселелер карала турган саммитте бүткүл дүйнөнүн кызматташтыгына басым жасалышы керектигин белгиледи.

Япониянын премьер-министри 19-майда конок лидерлерди 1945-жылы атомдук бомбадан каза болгондорду эскерүү үчүн курулган Тынчтык мемориалдык паркында тосуп аларын билдирди.

2023-жылдагы G-7 лидерлеринин саммити өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан Хиросима шаарында 19-21-майда премьер-министр Кишида Фумионун жетекчилигинде өтөт.

Саммитке Чоң жетилик өлкөлөрүнөн тышкары Австралия, Бразилия, Индия, Индонезия, Түштүк Корея жана Вьетнам дагы конок катары чакырылган.

Америка Кошмо Штаттары 1945-жылы 6-августта Хиросимага, 9-августта Нагасакиге атомдук бомбаларды таштап, 200 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган.



Тектеш кабарлар