АКШ : Иран Россиянын эң чоң аскердик колдоочусу болууну улантууда

Америка Кошмо Штаттарында Ак үй Россия менен Ирандын коргонуу тармагындагы кызматташуусунун күчөгөнүн билдирди.

1987087
АКШ : Иран Россиянын эң чоң аскердик колдоочусу болууну улантууда

Америка Кошмо Штаттарында Ак үй Россия менен Ирандын коргонуу тармагындагы кызматташуусунун күчөгөнүн билдирди.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби интернеттеги маалымат жыйынында : “Иран Россиянын эң чоң аскердик колдоочусу”,- деди. Анын айтымында, Иран Россияга камикадзе учкучсуз учуучу аппараттарды берүүнү улантууда.

Кирби август айынан бери Ирандын Россияга негизинен “Witness” үлгүсүндөгү 400дөн ашуун учкучсуз учактарды жеткиргенин белгилеп, Москва бул учкучсуз учактардын көбүн Украинанын маанилүү инфраструктураларын бутага алуу үчүн колдонгонун айтты.

Координатор Кирби эгер Иран "Жакынкы Чыгыштагы америкалык кызматкерлерди бутага алуу үчүн колдонулган" бул кошумча жана өнүккөн учкучсуз учактарды Москвага сатууну уланта турган болсо Россиянын да  аларды Украинага чабуул жасоо үчүн колдонууну улантарын жактады.

Россиянын Иранга ракета, электроника жана абадан коргонуу жагынан колдоо көрсөткөнүн айткан Кирби Тегерандын Москвадан миллиарддаган долларлык аскердик техника колдоосун алууну каалаганын белгиледи.

Кирби Россия менен Ирандын ортосундагы өнөктөштүктүн Украина менен бирге Жакынкы Чыгыштагы абалды туруксуздаштыргандыгына баа берди.

Жакынкы күндөрдө Россия менен Ирандын ортосундагы күчөгөн аскердик соодага аралашкандарга карата кадам таштай тургандарын белгилеген Кирби, өкмөттөр менен мекемелердин да Ирандын учкучсуз учуучу учак программасы жараткан   тобокелдиктерин жакшыраак түшүнүүлөрү үчүн түрдүү кадамдарды таштай турганын айтты.

 



Тектеш кабарлар