Песков: "Шайлоого кызыгуу менен байкоо салып жатабыз"

Песков Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоого байланыштуу борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

1986704
Песков: "Шайлоого кызыгуу менен байкоо салып жатабыз"

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, өлкөсү менен Түркиянын көптөгөн тармактагы кызматташтыгынан улам Түркиядагы шайлоону кызыгуу менен байкашкандарын айтты.

Песков Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоого байланыштуу борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады. 

Түркия менен Орусиянын бир топ тармакта, өзгөчө экономикада кеңири кызматташтыкты ишке ашырганына көңүл бурган Песков: «Энергетика, туризм, соода, айыл чарба жана жол транспорту сыяктуу түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндө Түркия менен бириккен абалдабыз»,-деди.

Бул кызматташтыктын түрк жана орус элдеринин кызыкчылыктарына ылайык өнүгүп жатканын баса белгилеген Песков: «Ушул себептен Түркиядагы шайлоо тууралуу кабарларга чоң кызыгуу менен байкоо салып жатабыз»,-деп айтты.

Шайлоонун жыйынтыгына да урмат-сый менен мамиле кылгандарын белгилеген Песков: «Түрк элинин тандоосун урматтайбыз бирок кандай болгон күндө да кызматташтыгыбыздын уланышын, тереңдешин жана кеңейүүсүн күтөбүз»,-деди.

Түркиянын жетилген демократияга ээ экенин белгилеген орусиялык катчы: «Түркия – күчтүү, эгемендүү өлкө жана албетте ачык-айкын жана демократиялуу шайлоолорду камсыздай ала турган, ар кандай мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коё ала турган өлкө»,-деп баа берди.



Тектеш кабарлар