Моча бороону Кокс-Базарга жакындап баратат

Бангладеш метеорологиялык кызматы Моча бороонунун көптөгөн рохинжа качкындары жашаган Кокс-Базар лагеринде жана анын айланасында олуттуу өмүр жана мүлк жоготууларына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

1986171
Моча бороону Кокс-Базарга жакындап баратат

Бангладеш жана Мьянмада таасирдүү боло баштаган «Моча» бороону дүйнөнүн эң чоң качкындар лагери Кокс-Базарга жакындаган сайын аймакта чоң кооптуу эскертүү жарыяланды.

Бангладеш метеорологиялык кызматы Моча бороонунун көптөгөн рохинжа качкындары жашаган Кокс-Базар лагеринде жана анын айланасында олуттуу өмүр жана мүлк жоготууларына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Саатына эң аз 160 километр ылдамдык менен Бангладешти көздөй жылып жаткан бороондон улам аймакта 1500дөн ашуун убактылуу баш калкалоочу жай даярдалды.

Издөө-куткаруу иштерине 21 кеме, деңиз патрулдук учагы жана тик учактын даяр абалда турганы билдирилди.

Бийлик өкүлдөрү катуу жааган жамгыр Чаттограммда, Кокс-Базарда жана анын тегерегиндеги тоолуу райондордо жер көчкүгө алып келиши мүмкүн дешет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уюмдары менен Бангладештеги ыктыярдуу жардам уюмдарынын рохинжа мусулман качкындары жашаган Кокс-Базар лагерине тонналаган кургак азык-түлүк жардамын жибергени, аймакта чукул жардам топтору менен тез жардам унааларынын даяр абалда турганы белгиленди.

Бангладеш жана Мьянмадагы Моча бороонунан улам жээк аймактарындагы жүз миңдеген кишинин эвакуациялана турганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар