ЮНИСЕФ: Суданда 450 миң бала үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур

Кэтрин Рассел Судандагы кагылышуудан улам 82 миң баланын коңшу өлкөлөргө кеткенин, 368 миң баланын өлкө ичинде жер которгондугун билдирди.

1985956
ЮНИСЕФ: Суданда 450 миң бала үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел Судандагы кагылышуудан улам 82 миң баланын коңшу өлкөлөргө кеткенин, 368 миң баланын өлкө ичинде жер которгондугун билдирди.

"Судандагы аесуз кагылышуу өлкөнүн балдарына оор кесепеттерин тийгизүүдө", - деп эскертти  Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел.

ЮНИСЕФтин  балдарга гуманитардык жардам берүү иштерин арттыргандыгын белгилеген Рассел миңдеген баланын коопсуздук үчүн үйлөрүнөн кетүүсүнүн травмалык таасиринин болгондугуна көңүлдөрдү бурду.

Рассел балдардын  абалынын алсыз экендигин белгилеп : «Өлкөдөгү кагылышуулардан улам 82 миң бала  коңшу өлкөлөргө качты, 368 миң бала да өлкө ичинде жер которду»,- деди.

Эл аралык коомчулуктун жана гуманитардык өнөктөштөрдүн жардамынын  маанилүү экенин белгилеген Рассел кошумча фонд  жана каражат талап кылды.

ЮНИСЕФ буга чейин Судандагы кагылышууларда 190 баланын каза болуп, 1700 баланын жаралангандыгын билдирген.

Судандын борбор шаары Хартум жана башка шаарларда 15-апрель күнү эртең менен Судан армиясы менен жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуулар чыккан.

«Ылдам колдоо күчтөрүнүн армияга толук катышулушун» караган аскердик коопсуздук реформасына байланыштуу армия менен Ылдам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы пикир келишпестик акыркы бир нече айда катуу кагылышууга айланган.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму кагылышууларда каза болгондордун саны 604кө, жаракат алгандардын саны 5 миң 127ге жеткенин билдирди.



Тектеш кабарлар