Пакистанда болгон митингдерде каза болгондордун саны 9га жетти

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Пакистандын Адилеттик Кыймылы партиясынын лидери Хан коррупция боюнча айыпталып, камакка алынгандан кийин өлкө боюнча нааразылык акциялары уланууда.

1985160
Пакистанда болгон митингдерде каза болгондордун саны 9га жетти

Пакистанда 9-майда мурдагы премьер-министр Имран Хандын камакка алынышынан кийин башталган нааразылык акцияларында каза болгон митингчилердин  саны 9га жетип, 290дон ашуун киши жараланды.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Пакистандын Адилеттик Кыймылы партиясынын лидери Хан коррупция боюнча айыпталып, камакка алынгандан кийин өлкө боюнча нааразылык акциялары уланууда.

Митинг учурунда Хайбер-Пахтунхва провинциясында 7 адам, Белужистан менен Пенжабда бирден адам каза болгон.

Өлкөдө 9-майдан бери болуп келе жаткан нааразылык акцияларында каза болгон митингчилердин саны 9га жетип, 290дон ашуун киши жараланды.

Партиянын 1900дөн  ашык жактоочусу, анын ичинде ПАКтын жогорку даражалуу саясатчылары камакка алынды.

Тарнолдо митинчилер  поезд жолдорун бузушту.

Борбор шаар  Исламабад менен Лахордо полициянын мүлкү жана Төмөнкү Дирдеги жарым аскерлештирилген бөлүктөрдүн чек ара чеби зыянга учурады.

Лахордогу митингдерде нааразылык акциялары учурунда чоң генератор жарылып, окуяда эч ким каза болгон жок.

Өлкө боюнча уланып жаткан митингдерде 200дөн ашуун полиция кызматкери жарадар болуп, полицияга тиешелүү көптөгөн унаалар жараксыз абалга келди.

Федералдык өкмөт армияны коопсуздукту  түзүү менен милдеттендирип, куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери борбор шаар  Исламабаддын ар кайсы жерлеринде ишин баштады.



Тектеш кабарлар