Греция коргоо өнөр жайы үчүн Түркияны мисал келтирди

Партия лидерлери Грециянын мамлекеттик ERT каналындагы түз эфирде экономика, саламаттыкты сактоо жана билим берүү системалары, коргонуу, миграция темалары сыяктуу көптөгөн маселелерди талкуулап, тышкы саясат жана коргонууга баа беришти.

1985138
Греция коргоо өнөр жайы үчүн Түркияны мисал келтирди

Грециянын негизги оппозициялык партиясынын лидери Алексис Ципрас, Түркиянын улуттук коргоо өнөр жайындагы өнүгүүлөргө көңүлдөрдү буруп, Грециянын куралдануу программаларын, өлкөнүн коргоо өнөр жайына салым кошпогону менен сынга алды.

Грек парламентиндеги партия лидерлери Грециянын мамлекеттик ERT каналындагы түз эфирде экономика, саламаттыкты сактоо жана билим берүү системалары, коргонуу, миграция темалары сыяктуу көптөгөн маселелерди талкуулап, тышкы саясат жана коргонууга баа беришти.

Грециянын премьер-министри жана бийликтеги “Жаңы демократия” партиясынын лидери Кирякос Мицотакис, төрт жылдык кызмат мөөнөтүндө Жаңы Демократия өкмөтүнүн Грециянын куралдуу күчтөрүн чыңдай турган куралдануу программаларын ишке ашырганын жактады.

Негизги оппозициялык партиянын лидери Алексис Ципрас болсо, Жаңы Демократия өкмөтү ишке ашырган болжол менен 15 миллиард евролук куралдануу программасынын Грециянын коргоо өнөр жайына салым кошпогонун айтып сынга алды.

СИРИЗА бийликке келсе куралдануу үчүн Жаңы Демократия бийлигинде кол коюлган келишимдерди ишке ашыра тургандарын, бирок бул келишимдердин алкагында Грециянын коргоо өнөр жайына салым кошо турган иш-аракеттерди талап кыла тургандарын белгилеген Ципрас: «Түркиянын (куралдануу) программаларынын 60 пайызы өзүнүн улуттук өнөр жайында болуп жатканда, Грециянын коргоо өнөр жайына бир бурама да кое албашыбыз өкүнүчтүү»,- деди.



Тектеш кабарлар