Кытай - Канада дипломатиялык кризиси

Канада Кытайдын Торонто башкы консулдугунда иштеген бир дипломатты бир депутатты коркутту деген негиз менен «кааланбаган киши» деп жарыялагандыгын билдирди.

1984481
Кытай  - Канада дипломатиялык кризиси

Канада Кытайдын Торонто башкы консулдугунда иштеген бир дипломатты бир депутатты коркутту деген негиз менен «кааланбаган киши» деп жарыялагандыгын билдирди.

Тышкы иштер министри Мелани Жоли билдирүүсүндө өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнүн кабыл алынгыс экенин, Канададагы дипломаттар мындай мамилеге барса артка кайтарылары эскертилгенин айтты.

Торонтодогу  кытайлык дипломат Као Вейдин  "кааланбаган киши" деп жарыяланганын белгилеген министр Жоли : "Бул чечим бардык тиешелүү факторлорду эске алуу менен кабыл алынды. Биз демократиябызды коргоого чечкиндүүлүгүбүздү улантабыз",-деди.

"Globe and Mail" гезити өткөн аптада жарыялаган кабарында Канада чалгындоо агенттигинин (CSIS)  Кытай өкмөтүнүн 2021 -  жылы Консерватор партиянын депутаты Мишель Чонгду кысымга алуу үчүн Гонконг автоном аймагында жашаган туугандарын коркутуунуну жолдорун издегендиги тууралуу маалымат алгандыгын ортого салган.

Кытай тышкы иштер министрлигинин интернет сайтында орун алган кабарга караганда шейшемби күнү Канаданын Шанхай консулдугундагы бир дипломатты өлкөдөн чыгара тургандыгын билдирди.

Билдирүүдө канадалык дипломат Женнифер Линн Лалонденин 13-майга чейин Кытайдан чыгып кетүүсүн талап кылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар