Словакиянын премьер-министри кызматтан кетти

Хегер билдирүүсүндө мындай чечимди өлкөнүн жана Словакиянын саясий абалы үчүн эң жакшы болушун каалагандыктан кабыл алганын айтты.

1983783
Словакиянын премьер-министри кызматтан кетти

Словакиянын убактылуу премьер-министри Эдуард Хегер кызматтан кеткенин билдирди.

Орусия-Украина согушунда Киевди толук колдогону менен белгилүү болгон Хегер кызматтан кетүү тууралуу арызын президент Зузана Чапутовага тапшырды.

Хегер билдирүүсүндө мындай чечимди өлкөнүн жана Словакиянын саясий абалы үчүн эң жакшы болушун каалагандыктан кабыл алганын айтты.

Кызматтан кеткенден кийин президент Чапутова да өлкөнү сентябрда боло турган шайлоого алып баруучу технократиялык өкмөт түзүү чечимине келгенин жарыялады.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, Чапутова өкмөттү түзүүгө Словакиянын Улуттук банкынын төрагасынын орун басасы Людовит Одорду дайындайт.

Узак убакыттан бери саясий туруксуздук өкүм сүрүп жаткан өлкөдө Эркиндик жана тилектештик партиясынын (САС) Хегер башчылык кылган үч партиялуу коалициялык өкмөттөн бөлүнүшүнүн натыйжасында парламенттеги көпчүлүктү жоготкон өкмөт, 2022-жылдын декабрында өткөрүлгөн ишеним добушунан өтпөй отставкага кеткен.

Ошондон кийин президент Чапутова Хегер башчылык кылган убактылуу өкмөткө өлкөнү шайлоого жетекчилик кылууну тапшырган.



Тектеш кабарлар