SpaceX дагы 56 спутник учурду

Интернет спутниктерин ташыган Falcon-9 ракетасы ийгиликтүү учурулду.

1982673
SpaceX дагы 56 спутник учурду

Демилгечи ишкер Илон Маскка таандык космостук транспорт компаниясы SpaceX орбитага дагы 56 даана Starlink спутнигин жөнөттү.

Интернет спутниктерин ташыган Falcon-9 ракетасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:31де АКШнын Флорида штатындагы Кейп Канаверал космостук күчтөрү станциясынан ийгиликтүү учурулду.

Falcon-9дун көп жолу колдонула турган биринчи баскычтагы күчөткүчүнүн Атлантика океанындагы 'A Shortfall of Gravitas' учкучсуз платформасына коноору жарыяланды.

SpaceX дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө интернетке кирүүдө кыйынчылык жараткан аймактарга кең тилкелүү интернет кызматын көрсөтүү үчүн иштелип чыккан Starlink спутниктеринин 46сын өткөн аптада орбитага жөнөткөн.



Тектеш кабарлар