АКШдан Украинага жаңы жардам

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында билдирүү жасады.

1982624
АКШдан Украинага жаңы жардам

Америка Кошмо Штаттары Украинаны чек араларынын тышына кол салууга үндөбөй турганын билдирди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында, Украинанын Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууга аракет кылганы жөнүндөгү жаңылыктардан кабардар экендиктерин, бул кабарлардын аныктыгын тастыктай албагандарын айтты.

Жан-Пьер ушул алкакта спекуляция кылуудан алыс экенин белгилеп, АКШнын согуш башталгандан бери Украинаны өз чегинен тышкары кол салууга эч качан үндөбөгөнүн, ага уруксат бербегенин билдирди жана бул темада так экендиктерин баса белгиледи.

Орусиянын экинчи тарапты күнөөлөш үчүн жалган желек операциясын жүргүзүү ыктымалдыгы тууралуу суроого Жан-Пьер мындай суроого эрте экенин, бирок Орусиянын буга чейин мындай иштерди жасаганын жана болуп келген нерсе экенин айтты.

Бир тараптан АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен Украинага 300 миллион долларлык жаңы аскердик жардам пакетин бере тургандарын жарыялады.

Блинкен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Орусиянын агрессивдүү согушуна каршы өздөрүн коргоп жатканда украиналык өнөктөштөрүбүз жанында болууну улантабыз. Президент (Жо) Байден алган уруксатыма ылайык, Украинага АКШнын инвентарындагы 300 миллион долларлык курал-жарак жана жабдууларды жеткирүү боюнча бүтүмгө макулмун»,-деди.

300 миллион долларлык пакетте ракеталык системанын ок-дарылары, гаубицалык артиллериялык система жана снаряддары менен танкка каршы ракеталар да бар.



Тектеш кабарлар