АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын лидерлери Хиросимада жолугушат

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио менен Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл март айында Токиодо жолугушкан.

1981622
АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын лидерлери Хиросимада жолугушат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден, Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл жана Япониянын премьер-министри Кишида Фумио Япониянын Хиросима шаарында жолугушат.

Япониянын Киодо агенттигинин, атын атагысы келбеген америкалык жогорку даражалуу кызматкерге таянып берген кабарына караганда, Япониянын Хиросима шаарында 19-21-майда өтө турган Чоң жетиликтин лидерлер саммитине катышары айтылган АКШнын президенти Байден Түштүк Кореянын президенти Юн жана Япониянын премьер-министри Кишида менен үч тараптуу саммитте жолугушат.

АКШлык кызматкер, Хиросимада өтүшү күтүлүп жаткан саммиттин датасы тууралуу так маалымат берген жок.

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио менен Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл март айында Токиодо жолугушкан.

Түндүк Кореянын ракеталык коркутууларын кайталаган Юн: «(Түндүк Кореянын) өзөктүк жана ракеталык сыноолорунун Корей жарым аралында жана Түндүк-Чыгыш Азияда тынчтыкка коркунуч туудурганы боюнча (Кишида менен) бирдей пикирге келдик»,-деген.

Байден да 26-апрелде Ак үйдө Юн менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында, Түндүк Кореянын АКШга же анын союздаштарына жана өнөктөштөрүнө каршы өзөктүк чабуул жасашынын «кабыл алынгыс» экенин айтып: «Кайсы режим мындай иш-аракет кылбасын бул анын акырына алып келет»,-деп эскерткен.

Эки тараптуу коргонуу келишимдеринин күчтүү экенин түшүндүргөн Байден, Түндүк Кореянын өзөктүк иш-аракеттерине каршы Корей жарым аралында «кеңейтилген ядролук токтотууну» чечкендерин айткан.

Байден ушул алкакта өлкөсү менен Түштүк Кореянын ортосунда «Вашингтон декларациясына» кол коюлганын, ядролук коркунучтарга каршы эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ядролук кеңешме тобунун (NCG) түзүлө турганын билдирген.



Тектеш кабарлар