Судандагы кагылышта каза болгондор көбөйүүдө

Суданда тараптар бешинчи жолу жарыяланган ок атышпоонун экинчи күнүндө да кагылышууну улантты.

1981065
Судандагы кагылышта каза болгондор көбөйүүдө

Суданда апрель айынын ортосунан бери Армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосундагы кагылышууда каза болгондордун саны 528ге жетти.

Судандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жасалган билдирүүдө кагылышуулардан 12 провинция таасир алганын белгилеп, 18 провинциядагы ооруканаларда 528 кишинин каза болгондугу жана 4 миң 599 кишинин жараат алганы отчет кылынганы белгиленди.

Суданда тараптар бешинчи жолу жарыяланган ок атышпоонун экинчи күнүндө да кагылышууну улантты.

Баш калаа Хартумдагы Президенттик сарайдын жана Армиянын башкы командачылыгынын айланасында кагылышуулар күчөп жатканда, түштүктөгү башка райондордо ок атышпоо бузулууда.

Хартумдун көптөгөн райондорунан кагылышуулардын үндөрү угулуп, түтүн көтөрүлүп жатат.

Бул арада HDK Умдурманда армиянын МиГ учагын атып түшүргөнүн билдирди.

Кечээ эртең менен башталган кагылышуу кечинде да уланды.

Суданда тараптар АКШнын 28-апрелден тарта жаңы 72 сааттык ок ​​атышпоо жөнүндөгү чакырыгына баш ийе турганын жарыялашкан.

15-апрелде эртең менен Хартумда жана башка шаарларда Судандын армиясы менен жарым аскерлештирилген күч HDKнын ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган.

«HDKнын армияга толук катышуусун» караган аскердик коопсуздук реформасына байланыштуу армия менен HDKнын ортосундагы пикир келишпестик акыркы бир нече айда кызуу кагылышууга айланган.



Тектеш кабарлар