Украина каршы чабуулга даярданууда

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Россияга  каршы чабуулга даярдыктарынын аяктап бара жаткандыгын билдиди.

1980798
Украина каршы чабуулга даярданууда

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Россияга  каршы чабуулга даярдыктарынын аяктап бара жаткандыгын билдиди. 

Резников Украина күчтөрүнүн Басма сөз борборунда өткөн жыйында каршы  чабуулга өтүү даярдыктарын аяктап жаткандарын айтты.

Союздаш  өлкөлөрдүн Украина үчүн жарыялаган жабдыктарды жарым-жартылай тапшыргадыгын белгилеген Резников, кээ бир курал түрлөрү боюнча машыгуулардын да акырына чыгып бара жаткандыгын белгиледи.  

Леопард 2 жана Челенджер  танктарын камтыган "танк коалициясына" кошумча катары Украинанын көп сандаган бронетехника сатып алганын белгилеген Резников : «Леопард 1 танктары келет. Биз  Абрамс күтүп жатабыз бирок  бул контр чабуулга жетише албай тургандыгын ойлоп жатам.  Бирок  командаларыбыз машыгуу үчүн барышты»,- деди. 

Резников Украина армиясынын Брэдли жана Мардер башта блгон көп сандаган бронетехниканы сатып алганын белгилеп, бул жабдыктардын даяр экендигин жана  жарым-жартылайынын тапшырылгандыгын белгиледи.

Машыгуулары азырынча бүтө элек  жабдыктардын бар экендигин баса белгилеген Резников : "Глобалдык  мааниде даярбыз. Аба ырайынын шарттары жана командирлердин чечими менен каршы чабуулду баштайбыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар