БУУдан Талибанга чакырык

БУУнун Коопсуздук кеңешинде бүгүн добушка коюла турган резолюция долбоорунда талибдер Ооганстандагы адам укуктарын жана аялдар менен кыздардын негизги эркиндиктерин «эрозияга учуратканына» терең тынчсыздануулар айтылды.

1980194
БУУдан Талибанга чакырык

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстандагы талибдердин администрациясын, аялдардын БУУ менен иштөөсүнө тыюу салуусун айыптады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде бүгүн добушка коюла турган резолюция долбоорунда, талибдердин Ооганстандагы адам укуктарын жана аялдар менен кыздардын негизги эркиндиктерин «эрозияга учуратып жатканына» терең тынчсыздануулар айтылды.

Талибанды билимге, жумушка, кыймыл эркиндигине жана коомдук турмушка бирдей катышуу мүмкүнчүлүгүн тез арада калыбына келтирүүгө чакырган мыйзам долбоору, БУУга мүчө бардык мамлекеттерге талибдердин аялдарга жана кыздарга карата саясатын “дароо жокко чыгаруу” үчүн өз таасирин колдонууну сунуштайт.

Бириккен Араб Эмираттары жана Япония тарабынан даярдалган резолюциянын долбоору бүгүн 15 мүчөдөн турган Кеңеште добуш коюлушу пландалууда.

Орусия менен Кытайдын калыс калаары күтүлсө да, резолюция долбоорунун бекитилери анык деп эсептелет.

2021-жылдын 15-августунда Ооганстандын администрациясына талибдердин келиши менен аялдардын иштөөсүнө жана кыздардын билим алуусуна олуттуу чектөөлөр киргизилген.

БУУнун Ооганстанга жардам миссиясы (UNAMA), Нангархар провинциясында БУУнун ооганстандык аял кызматкерлеринин жумушка баруусуна тыюу салынганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар