Түрк коргоо өнөр жайы грек басма сөзүндө

Башкы беттерде Эрдогандын сөздөрү жарыяланды.

1979868
Түрк коргоо өнөр жайы грек басма сөзүндө

Грек басма сөзү түрк коргоо өнөр жайындагы өнүгүүлөргө жакындан байкоо салууда.

Жаңы "Алтай" танкынын азем менен Түрк куралдуу күчтөрүнө тапшырылышы Грецияда жаңылык болду.

Башкы беттерде, танкты тапшыруу аземинде президент Режеп Таййип Эрдогандын «Максатыбызды толук көз карандысыз коргоо өнөр жайы деп белгиледик» деген сөздөрү жарыяланды.

Грек кабар сайты Army-voice, жаңы "Алтай" танкынын сыноолор үчүн армияга тапшырылышы тууралуу кабарында, Эрдогандын коргоо өнөр жайында ата мекендик жана улуттук демилгелерге басым жасаганына көңүлдөрдү бурду.

Бул тема Грециянын мамлекеттик каналында да орун алды.

Мора университетинин Саясат таануу жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн профессору Антонис Клапсис президент Эрдогандын экинчи атомдук электр станция жана учак конуучу кеме тууралуу убадасына токтолуп: «Европа державалары Түркиянын президенти менен кызматташууга аракет кылууда»,- деди.

Грек профессору, Эрдогандын TCG Anadoluдан кеминде эки эсе чоң дагы бир учак конуучу кеме курууну көздөп жатканын айтты. Клапсис: «Түркия дүйнөнүн эң чоң 20 экономикасынын бири»,-деди.



Тектеш кабарлар